2012-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 22-декабрындагы ПЖ № 29 Жарлыгы менен дайындалган Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Токмок шаарынын аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынан шайлоо документтери 2012-жылдын 19-мартында келип түшкөн.
Келип түшкөн шайлоо документердин тизмесинде айрым шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табуу жөнүндө Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын 3 протоколу бар, анын ичинде Токмок аймактык шайлоо комиссиясы № 7072 участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү жөнүндө протоколду түзүүдө каталар аныкталды деп эсептеп, 2012-жылдын 15-мартындагы № 27 протоколу менен ошол шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп тааныды.
Ошондой эле, шайлоочулардын эрк ниетин билдирүүсүнө таасир тийгизген шайлоо мыйзамдарын бузуу, атап айтканда башка шайлоочулар үчүн добуш берүүсү аныкталды деп эсептеп, Токмок аймактык шайлоо комиссиясы 2012-жылдын 15-мартындагы № 28 жана № 29 протоколу менен №№ 7062, 7069 шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп тапкан.
№№ 7072, 7062, 7069 шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйнтыктарын жаараксыз деп табуу жөнүндө 2012-жылдын 15-мартындагы №№ 27, 28, 29 жокко чыгарылбаган протоколдор болсо да, Токмок аймактык шайлоо комиссиясы 2012-жылдын 17 (18)-мартындагы № 30 протоколу менен бардык 20 шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жарактуу деп тапкан. Бирок протоколдун акыркы барагы 2 вариантта берилген жана ушуга байланыштуу шектенүүнү жаратат. 2012-жылдын
17-мартында коюлган колтамгалар чийип салынып, 2012-жылдын
18-мартында № 30 протоколдун акыркы барагынын жаңы редакциясы түзүлгөн имиш, бирок мында биринчи барак өзгөргөн эмес.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына ошондой эле “Саясий партиялардын. шайлоочулар тобунун талапкерлеринин тизмесинен талапкерлердин ортосунда депутаттык мандаттарды бөлүштүрүү жөнүндө” Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 18-мартындагы № 31 протоколунун көчүрмөсү берилген. Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү бул протоколду кабыл алуу фактысын жана өздөрүнүн колтамгаларынын тастыкташты. мында депутаттык мандаттар туура эмес методика боюнча жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 56-беренесинин талаптарын бузуу менен бөлүштүрүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчилиги түзүлгөн кырдаалга жана Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын иш аракеттерине карата Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшкөн даттануулардын негиздүүлүгүнө жараша Токмок шаарынын бардык шайлоо участкалары боюнча шайлоочулардын тизмесине шайлоочуларды киргизүү үчүн биринчи форма боюнча аймактык шайлоо комиссиясына берилген арыздардын түп нускаларын текшерип чыкты. Ошондой эле шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасынан ошол мезгилде тизмеге киргизилген шайлоочулардын саны жөнүндө маалыматтар чыгарып салынды.
Талдоо натыйжалары 414 арыз жок экендигин көрсөттү, ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы №№7063, 7064, 7069, 7071, 7075, 7076, 7077, 7080, 7081 шайлоо участкаларынан шайлоо документтерин жеткирүү жана ачуу жөнүндө
2012-жылдын 23-мартындагы № 3 чечим кабыл алган.
Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү систмасындагы шайлоочулардын фамилияларын биринчи форма боюнча шайлоочулардын иш жүзүндөгү арыздары менен салыштыруунун натыйжасында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү байкоочулардын, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн жана шайлоо процессинин субъектилеринин катышуусу менен маалымкат түздү, анда Токмок шаардык кеңештин депутаттарын шайлоодо Токмок шаарынын жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрү болуп саналбаган бөлөк адамдардын добуш берүүсүнө жол берилгендиги белгиленген.
Бул учурда аймактык жана участкалык шайлоо комиссиялары Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын
31-январындагы № 23 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларын эсепке алуунун бирдиктүү системасын түзүүнүн жана колдоонуунун тартиби жөнүндө” Жобонун 5.4-пунктунун талаптарын бузгандыгын белгилей кетүү керек.
Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу жыйналышы мыйзам бузуулар менен өткөрүлүп, 2012-жылдын
17 (18)-мартындагы № 30 протоколу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен түзүлгөн.
Шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жараксыз деп табылган жыйынтыктары бул тууралуу чечимдерди жокко чыгарбастан , 2012-жылдын 17 (18)-мартындагы № 30 протоколу менен мыйзамсыз түрдө жарактуу деп таанылган.
Мандаттарды бөлүштүрүү жана шайлоолордун натыйжаларын чыгаруу боюнча аймактык шайлоо комиссиясыныны жыйынтыктоочу жыйналышынын протоколу туура эмес түзүлгөн. Айрым шайлоо участкаларында Токмок шаардын жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрү үчүн бөлөк адамдар добуш беришкен.
№ 7069, 7071, 7075, 7076, 7077, 7080, 7081 шайлоо участкаларында жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналбаган 121 бөлөк адам добуш берген, арыз бербестен шайлоочулардын тизмесине жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналбаган 190 шайлоочу киргизилген.
2012-жылдын 7-мартында Токмок аймактык шайлоо комиссиясы негизсиз жана мыйзамсыз түрдө бардык 20 шайлоо участкасы боюнча добуштарды кайра эсептөө жөнүндө чечим кабыл алган (№ 23 протокол), бул шайлоолордун натыйжаларын аныктоону кечеңдетип жана Токмок шаарындагы шайлоо процессинин туруктуулугуна терс таасир тийгизген. Мында Токмок аймактык шайлоо комиссиясы логикасыз жана мыйзамсыз аракеттенип № 7069 шайлоо участкасы боюнча сот процессинин бүтүшүн күтпөстөн шайлоонун натыйжаларын аныктаган.
Участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө келип түшкөн протоколдорунун, Токмок шаары боюнча добуш берүүнүн жыйнтыктары жөнүндө жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө протоколдорунун, жыйынды таблицалардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 106-беренесине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республткасынын Мыйзамыныын 1, 4, 6, 7, 18, 24-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5, 37, 38, 40, 56-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Токмок аймактык шайлоо комиссиясы таркатылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы
2012-жылдын 4-мартында өткөн Токмок шаардык кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо боюнча ыйгарымдарын ишке ашырууну өзүнө алат.
3. Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын №№ 7072, 7062, 7069 шайлоо участкалары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп тааныган №№ 27,28,29 токтомдору жокко чыгарылсын.
Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 17 жана 18-мартындагы № 30, 31 протоколдору жокко чыгарылсын.
4. Токмок шаардын кеңешинин депутататарын шайлоосу болду деп таанылсын.
5. Токмок шаарынын №№ 7069, 7075, 7076 7080 шайлоо участкалары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп таанылсын.
Токмок шаарынын калган бардык шайлоо участкалары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жарактуу деп таанылсын.
6. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө 2012-жылдын
28-мартындагы протокол, жыйынды таблица жана 2012-жылдын 4-мартында болгон Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө ушул токтом менен жараксыз деп таанылган шайлоо участкаларын эсепке албай түзүлгөн 2012-жылдын 28-мартындагы протокол бекитилсин.
7. Токмок шаардык кеңешинин депутаттыгына төмөндөгү талапкерлер Токмок шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланды деп эсептелинсин (тизме тиркелет).
Аларга бекитилген үлгүдөгү күбөлүк жана төшбелги берилсин.
8. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
9. Бул токтом, Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде Токмок шаарында укук бузууларга жол берген адамдарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү чара көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жиберилсин.
10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2012-жылдын 28-марты
№ 55