25.05.2021 №318 Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Октябрь, Кара-Жал, Челпек, Бөрү-Баш, Теплоключенка, Эңилчек айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүнд
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Октябрь, Кара-Жал, Челпек, Бөрү-Баш, Теплоключенка, Эңилчек айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
2021-жылдын 15, 17 жана 18-майында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун жаңы шайланган Октябрь, Кара-Жал, Челпек, Бөрү-Баш, Теплоключенка, Эңилчек айылдык кеңештеринин биринчи сессиялары болуп өттү.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Октябрь, Кара-Жал, Челпек, Бөрү-Баш, Теплоключенка, Эңилчек айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо, тиркемеге ылайык дайындалсын.
2. Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчеси М. А. Коңурбаевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 25-майы
№ 318