11.12.2020 №425 2020-жылдын 3-декабрында өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэрин кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2020-жылдын 3-декабрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 19-ноябрындагы № 358 токтому менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэрин кайра шайлоо болуп өттү.
Жалал-Абад шаарынын мэринин кызмат ордуна 2 талапкер – Ормоков Эрнисбек Абдижалилович «Ак-Тилек» көпчүлүк коалициясынан, Зияйдинов Эрнист Эгенбердиевич «Республика» фракциясынын депутаттарынан сунушталышып катталышкан.
Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 3-декабрындагы протоколу менен Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги 31 депутаттын 28 депутаты катышып, Э.А. Ормоков - 28 добуш, Э.Э. Зияйдинов - 0 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын кайра шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2020-жылдын 3-декабрындагы протоколу менен Ормоков Эрнисбек Абдижалилович Жалал-Абад шаарынын мэри болуп шайлангандыгы аныкталды.
Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэрин кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыздар жана даттануулар түшкөн жок.
2020-жылдын 3-декабрындагы Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын Жалал-Абад шаарынын мэрин кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылы 3-декабрында өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэрин кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 3-декабрындагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэрин кайра шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Ормоков Эрнисбек Абдижалилович Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэри болуп шайланды деп табылсын.
2. Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы Жалал-Абад шаарынын шайланган мэрине белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2020-жылдын 11-декабры
№ 425