Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2015-жылдын 3-августундагы № 10 жана Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2015-жылдын 5-августундагы № 20 кошумча шайлоо комиссияларын түзүү боюнча чечимдерин карап чыгып, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7,20-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12,15-беренелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 23-июлундагы № 76 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине Бишкек шаарында 39 кошумча шайлоо комиссияларын түзүү жөнүндө Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2015-жылдын 3-августундагы № 10 чечими бекитилсин (№1 тиркеме).
- Кыргыз Республи касынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине Ош шаарында 7 кошумча шайлоо комиссияларын түзүү жөнүндө Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2015-жылдын 5-августундагы № 20 чечими бекитилсин (№2 тиркеме).
- Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П. Баженовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2015-жылдын 6-августу
№ 106
2015-жылдын 6-августунда жарыяланды