№93 Чүй облусунун Сокулук районунун Асылбаш, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Муз, Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 2-майындагы № 184-б буйругу менен Асылбаш айыл өкмөтүнүн башчысы Уметалиев Тилектеш Токтобекович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Нарын облусунун Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 8-майындагы № 86-б буйругу менен Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Капатов Азатбек Касымбаевич, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
2018-жылдын 11-майына дайындалган Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо катталган талапкерлер депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калгандыгына байланыштуу өткөн жок.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чүй облусунун Сокулук районунун Асылбаш, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Муз айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2018-жылдын 30-майына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2.Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен, кайра шайлоо 2018-жылдын 25-майына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
3.Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялар шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.
4.Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2018-жылдын 11 - майы
№ 93
Бишкек ш., 2018-жылдын 11 - майы
№ 93