Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 29-апрелиндеги № 59 токтомунун негизинде Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 6-майындагы №17 чечими менен мөөнөтүнөн мурда таркатылган Бостери айылдык кеңешинин мурда депутаттары болуп саналган төмөнкү 19 талапкерди каттоодон баш тартылган:
Абдиев К.К., Байтоков МС., Маданбекова Ж.И., Мамбетов К.К., Токонбаев КК., Шамбетов К.Б., Джапаров А.Д., Солтонбаев К.А., Усубалиева В.Дж., Асеинов К.Р., Джээнтаев К.Ш., Касымбекова Д.К., Сулайманов Ж.М., Тажиканов К.Т., Айдаралиев У.К., Айылчиев Т.К., Буржуев Т.Т., Молдошева Ч.А., Сыдыков Э.Т.
АШКнын көрсөтүлгөн чечими негизсиз жана туура эмес кабыл алынгандыгына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 1, 2, 26-пункттарына, 2-бөлүктүн 5-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Бостери айылдык кеңешинин депутаттыгына төмөнкү талапкерлерди каттоодон негизсиз жана туура эмес баш тартуу жагынан Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 6-майындагы № 17 чечими жокко чыгарылсын:
- Абдиев Камчибек Качкынович;
- Бойтокова Макиш Садыбакасовна;
- Мамбетов Канымет Курманбаевич;
- Шамбетов Канат Бекбосунович;
- Джапаров Алмазбек Дюшекеевич;
- Усубалиева Венера Джумаевна;
- Асеинов Кубатбек Рымович;
- Касымбекова Динара Кенешбаевна;
- Сулайманов Жаныш Мукашевич;
- Молдошева Чынаркуль Апасовна.
2. Бул токтомдун көчүрмөсү Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл АШКга жөнөтүлсүн.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2013-жылдын 13-майы
№ 76