04.11.2019. №157 Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу, Сокулук районунун Фрунзе, Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр, Ош облусунун...

Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу, Сокулук районунун Фрунзе, Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр, Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн жана Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

Чүй облусунун Москва райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 22-октябрындагы №248-р буйругу менен Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Нурбеков Асылбек Нурбекович “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 24-октябрындагы №354-б буйругу менен Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Омаралиев Руслан Намазалиевич “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

Талас облусунун Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 29-октябрындагы №60 буйругу менен Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысы Чыналиев Рапил Анарбекович “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

Ош облусунун Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 30-октябрындагы №215-б  буйругу менен Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы Абдукаримов Алмаз Абдылазович “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүгүнүн  1-пунктунун негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 31-октябрындагы №238-б буйругу менен Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Эргешов Рысбек Муратович “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу, Сокулук районунун Фрунзе, Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр, Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн жана Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2019-жылдын 22-ноябрына дайындалсын жана  саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Москва, Сокулук, Кара-Буура, Кара-Суу жана Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2019-жылдын 4- ноябры
№157