11.02.2020 №35 Бишкек шаарынын аймагында шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө
Бишкек шаарынын аймагында шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылган шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө чечиминин негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,4, 5-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 4 токтому менен бекитилген «Шайлоо округдары менен шайлоо учактокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө» жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын аймагында шайлоо участокторунун схемалары жана чек аралары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Кыргыз Республикасынын Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринен шайлоочулардын алдын ала тизмесин түзүү үчүн шайлоо участокторунун бекитилген схемалары жана чек аралары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш, 2020-жылдын 11-февралы
№ 35