«Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын талапкерлер тизмесиндеги талапкерлердин шайлоо укуктарын тең жана эркин ишке ашырууда тоскоолдуктарды түзгөндүгүн, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө эрежелерди бузгандыгын жана Ош шаарынын тургундары менен шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө «Республика-Ата Журт» саясий партиясынын тең төрагасы Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичтин Чүй областынын Аламүдүн жана Сокулук райондорунда кошумча шайлоо участкалары ачылды деген жалган маалыматтарды таркатуусун далилдеген фактыларды эске алуу менен, ошондой эле «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жөнөткөн кайрылуусунун жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Бек-Абад айылында жайгашкан «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын штабында К. К. Ташиевдин катышуусунда болуп өткөн окуяга байланыштуу маалыматынын, ошону менен катар Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион, Абсамат, Жоошук, Орозбекова жана Көтөрмө айылдарында «Республика-Ата Журт» саясий партиясынын өкүлдөрү тарабынан үгүт материалдарын атайын жок кылып жиберүү фактыларын эске алуу менен, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 1-4, 21-28, 43-47-беренелерине таянып, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Республика-Ата Журт» саясий партиясынын шайлоо жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн эскертүү берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесине “Республика-Ата Журт” саясий партиясынан сунуш кылынган Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин каттоосунан чыгарылсын.
3. Бул токтом күчүнө киргенден тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесине “Республика-Ата Журт” саясий партиясынан сунуш кылынган Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичтин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкер катары катталган күбөлүгүн жокко чыгарылды деп табылсын.
4. Бул токтомдун көчүрмөсү “Республика-Ата Журт” саясий партиясына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана рефендум өткөрүү борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиялар сунуш кылган маалыматтардын мазмунундагы маалыматтардын тактыгын, шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Азиз Канатбекке жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2015 жылдын 28-сентябры
№ 157
2015-жылдын 28-сентябрында жарыяланды