19.12.2020 №476 кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө

Талас облусунун Кара-Буура, Манас, Ош облусунун Чоң-Алай, Чүй облусунун Кемин, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу жана Жалал-Абад облусунун Сузак райондорунун аймактарындагы кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө

Кара-Буура, Манас, Чоң-Алай, Кемин, Ак-Суу жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир шайлоо участкаларынын жылуулуктун жоктугуна байланыштуу даректерин өзгөртүү жөнүндө чечимдердин негизинде, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына, 18-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талас облусунун Кара-Буура, Манас, Ош облусунун Чоң-Алай, Чүй облусунун Кемин, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу жана Жалал-Абад облусунун Сузак райондорунун аймактарындагы кээ бир шайлоо участкаларынын даректери тиркемеге ылайык өзгөртүлсүн.

2.  Кара-Буура, Манас, Чоң-Алай, Кемин, Ак-Суу жана Сузак аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкаларынын даректери өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГАНЫН  ОРУН БАСАРЫ                                                       А. БЕКМАТОВ

Бишкек ш., 2020-жылдын 19-декабры

476