29.04.2021 №164 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу, Сретенка, Беш-Терек, Биринчи май, Петровка, Предтеченка, Садовое, Төлөк, Целинный жана Чапаев айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Москва

2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу, Сретенка, Беш-Терек, Биринчи май, Петровка, Предтеченка, Садовое, Төлөк, Целинный жана Чапаев айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Москва аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө

2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 Жарлыгы  менен дайындалган Чүй облусунун  Москва районунун Ак-Суу, Сретенка, Беш-Терек, Биринчи май, Петровка, Предтеченка, Садовое, Төлөк, Целинный жана Чапаев айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

 Чүй облусунун Москва районунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Москва аймактык шайлоо комиссиясына 8 арыз, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 1 даттануу келип түшкөн. Бардык келип түшкөн арыздар жана даттануулар каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды.

 “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы  

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Москва аймактык шайлоо комиссиясынын  2021-жылдын 23-апрелиндеги

- Ак-Суу айылдык кеңешинин

- Сретенка айылдык кеңешинин

- Беш-Терек айылдык кеңешинин

- Биринчи май айылдык кеңешинин

- Петровка айылдык кеңешинин

- Предтеченка айылдык кеңешинин

- Садовое айылдык кеңешинин

- Төлөк айылдык кеңешинин

- Целинный айылдык кеңешинин

- Чапаев айылдык кеңешинин

депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин (тиркелет).

2.  Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Москва аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.

4. Москва аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды  каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн. 

 

ТӨРАГА             Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 29-апрели

№ 164