Осмонова Нурзат Курманбековнанын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндө берген арызына ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-пунктунун 1-пунктчасын, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” мыйзамдын 5-беренесинин 3-, 28-пунктчаларын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Ата Журт” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Осмонова Нурзат Курманбековнанын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Осмонова Нурзат Курманбековнанын № 028 күбөлүгү жараксыз деп табылсын.
3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.И. Аргымбаевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА А. САРИЕВ
Бишкек ш., 2011-жылдын 3-февралы
№ 2