17.06.2021 № 497 2021-жылы 12, 13-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун  Кочкор районунун Талаа-Булак жана Кара-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылы 12, 13-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун  Кочкор районунун Талаа-Булак жана Кара-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2021-жылы 12, 13-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын  25-майындагы №291 токтому менен дайындалган Нарын облусунун Кочкор районунун Талаа-Булак жана Кара-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Талаа-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Жолдошбек уулу Белекбек, Осмонов Руслан Жылкыбекович, Туларбек уулу Арсланбек катталган. Талапкерлер Талаа-Булак айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Талаа-Булак айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 10 депутаты катышып,   Жолдошбек уулу Б – 8 добуш, Р.Ж. Осмонов – 0 добуш, Туларбек уулу А – 2 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Жолдошбек уулу Белекбек Талаа-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.  

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер –Садыков Болот Анварбекович катталган. Талапкер Кара-Суу  айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 13-июнундагы протоколу менен Кара-Суу айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 20 депутаты катышып, Б.А. Садыков – 16 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 4 добуш берилгендиги белгиленген.

Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 13-июнундагы протоколу менен Садыков Болот Анварбекович Кара-Суу  айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Нарын облусунун Кочкор районунун Талаа-Булак жана Кара-Суу  айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.   

2021-жылдын 12, 13-июнундагы Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын Талаа-Булак жана Кара-Суу  айыл өкмөттөрүнүн башчыласын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Нарын облусунун Кочкор районунун 2021-жылы 12-июнунда өткөрүлгөн Талаа-Булак, 2021-жылы 13-июнунда өткөрүлгөн Кара-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 12, 13-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Нарын облусунун Кочкор районунун Талаа-Булак жана Кара-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Жолдошбек уулу Белекбек Нарын облусунун Кочкор районунун   Талаа-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.        

1.3. Садыков Болот Анварбекович Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын. 

2. Кочкор аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Талаа-Булак жана Кара-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                              Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 17-июну

№ 497