№1 2017-жылдын 29-декабрында өткөрүлгөн Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Көк-Жар, Чүй облусунун Сокулук районунун Камышановка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү..

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 15-декабрындагы № 549 токтому менен 2017-жылдын 29-декабрына дайындалган Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Көк-Жар, Чүй облусунун Сокулук районунун Камышановка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Ак-Талаа, Сокулук аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.1. Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп  Иманалиев Иличбек Абашакирович табылсын.
2. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын Камышановка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
2.1. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде Чүй облусунун Сокулук районунун Камышановка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
2.2. Чүй облусунун Сокулук районунун Камышановка айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп  Доранов Осмонали Ажолович табылсын.
3. Ак-Талаа, Сокулук аймактык шайлоо комиссиялары шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Жумагуловго жүктөлсүн.


ТӨРАГА                                                          Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш, 2018-жылдын 8-январы, 
№ 1