28.04.2021 №155 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак, Дара, Төрт-Гүл, Суу-Башы жана Кыштут айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө

2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак, Дара, Төрт-Гүл, Суу-Башы жана Кыштут айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө

 

2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 Жарлыгы  менен дайындалган Баткен облусунун  Баткен районунун Кара-Бак, Дара, Төрт-Гүл, Суу-Башы жана Кыштут айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине,  «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1,  62-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен облусунун Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 23-апрелиндеги

- Кара-Бак айылдык кеңешинин

- Дара айылдык кеңешинин

- Төрт-Гүл айылдык кеңешинин

- Суу-Башы айылдык кеңешинин

- Кыштут айылдык кеңешинин

депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Баткен аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.

4. Баткен аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн. 

 

ТӨРАГА                                                                        Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 28-апрели

№ 155