Өз ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө арыз бергендигине байланыштуу, “Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 16-беренесинин 1-, 3-пункттарына, 10-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 22-июлундагы №133 токтому менен бекитилген облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларын түзүүнүн Убактылуу тартибинин 2-пунктунун 11-абзацына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2004-жылдын 15-июндагы №15 токтому менен бекитилген облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиялары жөнүндө жобонун 2.11-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Талас облустук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн комиссиянын мүчөсү Джунусалиев Амантай курамдан чыгарылсын;
-жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн Эралиев Асанкул Абдыканович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасында жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.И. Аргымбаевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА А.САРИЕВ
Бишкек ш., 2010-жылдын 6-октябры
№302