№197 Ош облусунун Алай районунун Үч-Дөбө, Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

Ош облусунун Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 19-октябрындагы № 165 буйругу менен Үч-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Токтомамат уулу Нурмухамед, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Ош облусунун Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 23-октябрындагы № 48 буйругу менен Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Акматов Нургазы Имитиллаевич, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
“Кыргыз Республикасынын  шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын   6, 7, 14, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун Алай районунун Үч-Дөбө, Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2018-жылдын 14-ноябрына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2.  Алай жана Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.
3.  Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4.   Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
 
ТӨРАГА                            Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2018-жылдын 26 - октябры
№ 197