06.12.2020 №396 Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгуу боюнча Л.М. Кандын, З.Т. Осмоналиевдин арыздарынын, Кемин  аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен чыгуу боюнча И.Б. Өмүркуловдун, Г. Исакованын, Ю.А. Бондаренконун, А.А. Бейшеновдун арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19, 22-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын   2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- «Патриот» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кан Люба Михайловна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Осмоналиев Замир Турсунбекович комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Өмүркулов Имаш Бабаевич, Исакова Гульнара, Бондаренко Юлия Анатольевна, Бейшенов Аскар Анарбекович комиссиянын резервинен чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Асанакунова Чолпон Ташпаевна, Маринина Ольга Александровна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.                       

2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.                                                                 

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                       Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2020-жылдын  6-декабря

№ 396