№99 2018-жылдын 13-майында өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө
2018-жылдын 13-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 12-мартындагы ПЖ № 55 Жарлыгы менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөрүлдү.
Токтогул шаардык кеңешинде мандаттардын саны 21ди түзөт. Токтогул шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 5 шайлоо участок түзүлгөн. Токтогул шаардык кенешинин депутаттарын шайлоого катышуу учун 6 саясий партия катталды, алардын ичинен төмөнкү 5 саясий партия шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан ашык пайыз алышкан: КСДП – 31,26% (7 мандат); “Мекеним Кыргызстан” – 28,05% (6 мандат); “Өнүгүү-Прогресс” – 15,41% (3 мандат), “Ата-Журт” – 11,45% (3 мандат); “Энергетиктердин” – 7,2% (2 мандат). Шайлоочулардын саны 10819ту түзүп, анын ичинен 5475 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 50,61 % түзөт.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 56-1-беренелерине ылайык №2235, №2236, №2237, №2238, №2239 участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2018-жылдын 13-майындагы протоколдорунун негизинде Токтогул аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өттү деп таанып, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктаган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы боюнча арыз жана даттануулар түшкөн жок.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелеринин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 56-1-беренелеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын 16-майындагы протоколу бекитилсин (тиркелет).
2.Бул токтомдун көчүрмөсү Токтогул аймактык шайлоо комиссиясына жана Токтогул шаардык кеңешине жиберилсин.
3.Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш, 2018-жылдын 21-майы,
№ 99
Бишкек ш, 2018-жылдын 21-майы,
№ 99