23.05.2021 №282 окмок аймактык шайлоо комиссиясынын курамын түзүү жөнүндө

Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын курамын түзүү жөнүндө

 

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө» Жобосуна, аймактык шайлоо комисиялардын резервдерине келип түшкөн документтерди кароо боюнча Жумушчу топтун 2021-жылдын 23-майындагы чечимине ылайык,  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) 2021-жылдын 12-майындагы кайрылуусунун негизинде, Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө жергиликтүү кеңештердин жыйналыштарынын токтомдорунун, саясий партиялардын протоколдорунун негизинде, ошондой эле 2021-жылдын 23-майындагы чүчүкулактын протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын курамына саясий партиялардын талапкерлери, 2021-жылдын 23-майындагы чүчүкулактын протоколунун негизинде, №1 тиркемеге ылайык киргизилсин.

2.Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын курамына кирбеген саясий партиялардын өкүлдөрү, саясий партиялардан шайлоо комиссияларынын мүчөлүгүнөн мөөнөтүнөн мурда чыккан учурда, бош орунду ээлөө үчүн чүчүкулактын жыйынтыгын менен саясий партиялардын резерви 2-тиркемеге ылайык түзүлсүн.

3.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан түзүлгөн резервдеги талапкерлер Токмок аймактык шайлоо комисиясынын курамына 3-тиркемеге ылайык киргизилсин.

4.Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн курамы 4-тиркемеге ылайык бекитилсин

5. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

         

ТӨРАГА                                          Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын  23-майы

№ 282