№219 Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик, Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
Чүй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 21-ноябрындагы № 346-б буйругу менен Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы Жунушбаев Бакыт Оморбекович, соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киришинин негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 5-февралындагы № 35-б буйругу менен Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Бакасов Тагайбек Самарканович, ээлеген кызматынан бошотулган.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик, Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2018-жылдын 29-декабрына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Аламүдүн жана Сокулук аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.
3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2018-жылдын 11 - декабры
№ 219