04.02.2020 №33 «Ыкчам чара көрүүчү координациялык топтун (ЫЧКТ) ишмердүүлүгүнүн тартиби жөнүндө» Жобо жөнүндө
«Ыкчам чара көрүүчү координациялык топтун
(ЫЧКТ) ишмердүүлүгүнүн тартиби жөнүндө» Жобо жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7,18-беренелерине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 43-беренесинин 4-пунктун, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 4-пунктун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Ыкчам чара көрүүчү координациялык топтун ишмердүүлүгүнүн тартиби жөнүндө» Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2020-жылдын 4-февралы
№ 33