“Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 3-, 20-, 24- пунктчаларын, 27-беренесинин 1-, 2-,4-,11-пункттарын, 73-беренесинин 1-,3-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. «Ак-Тилек» саясий партиясынан көрсөтүлгөн 117 санындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмеси катталсын (тизме тиркелет).
2. «Ак-Тилек» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмеси “Эркин Тоо” газетасынын жакынкы номерине жарыялансын.
3. «Ак-Тилек» саясий партиясынан катталган талапкерлерге белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
ТӨРАГА А.САРИЕВ
Бишкек ш., 2010- жылдын 7 -сентябры
№215