«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, айрым аймактык шайлоо комиссиялары бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттан кийин турган талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча токтомдорунун бөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын каттоосу, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
4. Аймактык шайлоо комиссиялардын “Жергиликтүү кеңештердин бош калган депутаттык мандаттарын кийинки талапкерлерге ыйгаруу жөнүндөгү” 2-тиркемеде көрсөтүлгөн чечимдери бекитилсин.
5. 2-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылсын.
6. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди берсин.
7. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
8. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерине жөнөтүлсүн.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П. Баженовко жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2015-жылдын 5-ноябры
№ 181
2015-жылдын 5-ноябрында жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо
жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясынын
2015-жылдын 5-ноябрындагы
№ 181 токтомунун 1-тиркемеси
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган
жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын тизмеси
|
№ |
Жергиликтүү кеңештердин аталыштары |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.Ж. |
Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби |
Талапкерди депутат деп таануу жөнүндө БШКнын токтомунун № жана датасы |
|
Бишкек шаары |
||||
| 1 |
Бишкек шаардык |
Иминов Фархат Ажмуханбетович (“Замандаш-Современник” саясий партиясы) |
Өз арызы |
№ 67, 30.06.2015-ж. |
| 2 |
Жеенчороев Мирлан Канатбекович (“Республика” саясий партиясы) |
Өз арызы |
№158, 15.12.2012-ж. |
|
|
Нарын облусу |
||||
|
Ак-Талаа району |
||||
| 3 |
Кош-Дөбө айылдык |
Кулманбетов Акжол Сатинбаевич |
Муниципалдык кызматка дайындалган |
№154, 15.12.2012-ж. |
| 4 |
Тоголок Молдо айылдык |
Алымкулов Самат Дүшөнаалиевич |
Өз арызы |
|
|
Жалал-Абад облусу |
||||
|
Кара-Көл шаары |
||||
| 5 |
Кара-Көл шаардык |
Еркеев Ильяз Марсович (“Ата Мекен” саясий социалисттик партиясы) |
Өз арызы |
№152, 15.12.2012-ж. |
|
Таш-Көмүр шаары |
||||
| 6 |
Таш-Көмүр шаардык |
Ирсалиева Алима Коконовна (“Ата Мекен” саясий социалисттик партиясы) |
Өз арызы |
№152, 15.12.2012-ж. |
|
Баткен облусу |
||||
|
Лейлек району |
||||
| 7 |
Исфана шаардык |
Джолматов Акжол Ниматович (“Республика” саясий партиясы) |
Өз арызы |
№151, 15.12.2012-ж. |
| 8 |
Жалилов Манап Абдилатифович (“Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясы) |
Өлгөндүгүнө байланыштуу |
||
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана
референдум өткөрүү боюнча борбордук
комиссиясынын 2015-жылдын
5-ноябрындагы № 181 токтомунун
2-тиркемеси
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин тизмеси
|
№ |
Жергиликтүү кеңештердин аталыштары |
Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.Ж. |
Ээлеген кызматы, кызмат орду |
Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
||
|
Бишкек шаары |
||||||
| 1 |
Бишкек шаардык |
Айдаралиев Таалайбек Байсулдаевич (“Замандаш-Современник” саясий партиясы) |
Убактылуу иштебейт |
№21/1, 4.11.2015-ж. |
||
| 2 |
Джолдошов Улан Болотович (“Республика” саясий партиясы) |
Убактылуу иштебейт |
№21/2, 4.11.2015-ж. |
|||
|
Нарын облусу |
||||||
|
Ак-Талаа району |
||||||
| 3 |
Кош-Дөбө айылдык |
Апышов Алмазбек Шаймааранович |
Ала-Буга насостук станциясы, башчы |
№20, 31.07.2015-ж. |
||
| 4 |
Тоголок Молдо айылдык |
Бегимкулова Гулсара Айдаровна |
Кара-Ой айылы, “Айыл банк”, адис |
|||
|
Жалал-Абад облусу |
||||||
|
Кара-Көл шаары |
||||||
| 5 |
Кара-Көл шаардык |
Камбаров Мирлан Адилбекович (“Ата Мекен” саясий социалисттик партиясы) |
Убактылуу иштебейт |
№13, 13.10.2015-ж. |
||
|
Таш-Көмүр шаары |
||||||
| 6 |
Таш-Көмүр шаардык |
Разакова Дамира Калназаровна (“Ата Мекен” саясий социалисттик партиясы) |
Таш-Көмүр шаары, Борбордук китепкана, бөлүм башчы |
№152, 15.12.2012-ж. |
||
|
Баткен облусу |
||||||
|
Лейлек району |
||||||
| 7 |
Исфана шаардык |
Бабаев Абдырапык (“Республика” саясий партиясы) |
“Т.Жапаров” атындагы орто мектеби, мугалим |
№4, 30.10.2015-ж. |
||
| 8 |
Жораев Камчыбек Айтбаевич (“Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясы) |
“Канатбек” ЖЧК, жетекчи |
№5, 30.10.2015-ж. |
|||