16.11.2020 №327 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Кайыпов Марат Таштановичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна өзүн өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүлгөн талапкер М.Т. Кайыповдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө 2020-жылдын 14-ноябрында кир. № 01-06/3320 түшкөн арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пунктарын, 18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер М.Т. Кайыповдун шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Кайыпов Нурмат Маратович катталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер М.Т. Кайыповдун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Кайыпов Бекджан Сулайманович катталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер М.Т. Кайыповдун катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү каттоо ырастамалар берилсин.

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А. Ж. Эшимовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                        Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 16-ноябры

№ 327