“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин
4-бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Чүй облусунун Москва районунун Петровка айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысын шайлоонун жыйынтыктары тууралуу Москва аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 21-апрелиндеги Протоколун жокко чыгаруу жөнүндө” 2012-жылдын 7-майындагы № 72 токтомуна, Петровка айылдык аймагынын 2012-жылдын 24-майындагы № 180 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Петровка айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысын шайлоо өткөн жок деп таанылсын.
- Чүй облусунун Москва районунун Петровка айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысын кайра шайлоо 2012-жылдын 7-июнуна дайындалсын.
- Чүй облусунун Москва аймактык шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт башчыларын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобого ылайык шайлоолорду өткөрүүнү уюштурсун.
- Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси М.С. Султановго жүктөлсүн.
Кайра шайлоого мурда катталган талапкерлерге да жол бериле тургандыгы белгиленсин.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2012-жылдын 25-майы
№ 76