№30 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 8-январындагы № 3/1 буйругу менен Темир айыл өкмөтүнүн башчысы Артел уулу Максат, Темир айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 47 токтомунун негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
2018-жылдын 9 жана 10-февралында Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш, Ош облусунун Араван районунун С.Юсупова атындагы жаңыдан шайланган айылдык кеңештеринин биринчи сессиялары өткөрүлгөн.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Темир айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2018-жылдын 2-мартына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш, Ош облусунун Араван районунун С.Юсупова атындагы айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2018-жылдын 24-февралына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялар шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.
4. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2018-жылдын 12 - февралы
№ 30