11.06.2021 № 414 2021-жылы 5 жана7-июнунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек, Ак-Суу жана Первомай айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2021-жылы 5 жана 7-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын                  19-майындагы №215 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек, Ак-Суу жана Первомай айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

Беш-Терек айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Дубанаев Алмазбек Жылкыбайевич катталган. Талапкер Беш-Терек айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.

Москва аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 5-июнундагы протоколу менен Беш-Терек айылдык кеңешиндеги 11 депутат катышып, А. Ж. Дубанаевге – 11 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Москва аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 5-июнундагы протоколу менен Дубанаев Алмазбек Жылкыбайевич Беш-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер –Курманалиев Алтынбек Докторбекович катталган. Талапкер Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.

Москва аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Ак-Суу айылдык кеңешиндеги 21 депутат катышып, А.Д.Курманалиевге – 21 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Москва аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Курманалиев Алтынбек Докторбекович Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Первомай айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Султаналиев Нурлан Ахматович, Бакиров Асылбек Искенович катталган. Талапкерлер Первомай айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.

Москва аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Первомай айылдык кеңешиндеги 21 депутаттан 20 депутат  катышып, Н. А. Султаналиевге – 12, А.И.Бакировго - 8 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Москва аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Султаналиев Нурлан Ахматович Первомай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек, Ак-Суу жана Первомай айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 5 жана 7-июнундагы Москва аймактык шайлоо комиссиясынын Беш-Терек, Ак-Суу жана Первомай айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2021-жылы 5-июнунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек жана 2021-жылы 7-июнунда өткөрүлгөн Ак-Суу, Первомай айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу аймактык шайлоо комиссиясынын               2021-жылдын 5 жана 7-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек, Ак-Суу жана Первомай айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Дубанаев Алмазбек Жылкыбайевич Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.3. Курманалиев Алтынбек Докторбекович Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.4. Султаналиев Нурлан Ахматович Чүй облусунун Москва районунун Первомай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Москва аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Беш-Терек, Ак-Суу жана Первомай айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төраганын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                               Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 11--июну

414