«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, айрым аймактык шайлоо комиссиялары бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттан кийин турган талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча токтомдорунун бөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын каттоосу, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ырастамалары, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
4. Аймактык шайлоо комиссиялардын “Жергиликтүү кеңештердин бош калган депутаттык мандаттарын кийинки талапкерлерге ыйгаруу жөнүндөгү” 2-тиркемеде көрсөтүлгөн чечимдери бекитилсин.
5. 2-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылсын.
6. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди берсин.
7. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
8. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерине жөнөтүлсүн.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2015-жылдын 27-январы
№12
Кыргыз Республикасынын Шайлоо
жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясынын
2015-жылдын 27-январындагы
№ 12 токтомунун 1-тиркемеси
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган
жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын тизмеси
|
№ |
Жергиликтүү кеңештердин аталыштары |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.Ж. |
Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби |
Талапкерди депутат деп таануу жөнүндө БШКнын токтомунун № жана датасы |
|
Ош облусу |
||||
|
Алай району |
||||
| 1. |
Корул айылдык |
Токтобаев Шайирбек Айтиевич |
Өз арызы |
№155, 15.12.2012-ж. |
| 2. |
Үч-Дөбө айылдык |
Алмаматов Калыбек Аманбаевич |
Муниципалдык кызматка дайындалган |
|
|
Араван району |
||||
| 3. |
Чек-Абад айылдык |
Айтибаев Курбанбек Гайыпбекович |
Мамлекеттик кызматка дайындалган |
№155, 15.12.2012-ж. |
| 4. |
Жороев Сулайман Адилович |
Мамлекеттик кызматка дайындалган |
||
| 5. |
Төө-Моюн айылдык |
Айдаров Сайбидин Мурзаевич |
Орто мектептин директору болуп дайындалган |
|
| 6. |
Керме-Тоо айылдык |
Мурзаев Адилбек Кошунович |
Муниципалдык кызматка дайындалган |
|
| 7. |
Мангыт айылдык |
Жолдошов Талантбек Абсаламович |
Мамлекеттик кызматка дайындалган |
|
| 8. |
Нурабад айылдык |
Атаханов Абдирахмонжон Рузиматович |
Мамлекеттик кызматка дайындалган |
№74, 25.05.2012-ж. |
| 9. |
Тепе-Коргон айылдык |
Кадиров Ульмасбек Ашурбекович |
Муниципалдык кызматка дайындалган |
|
Кыргыз Республикасынын Шайлоо
жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясынын
2015-жылдын 27-январындагы
№ 12 токтомунун 2-тиркемеси
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин тизмеси
|
№ |
Жергиликтүү кеңештердин аталыштары |
Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.Ж. |
Ээлеген кызматы, кызмат орду |
Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
|
Ош облусу |
||||
|
Алай району |
||||
| 1. |
Корул айылдык |
Кыдыралиев Оролбек Саипжанович |
Дыйкан чарба, жетекчи |
№1, 13.01.2015-ж. |
| 2. |
Үч-Дөбө айылдык |
Арыков Абдылашым |
Пенсионер |
|
|
Араван району |
||||
| 3. |
Чек-Абад айылдык |
Мамытов Шермамат Шергазиевич |
Райондук борборлоштурулган кино туйуну, директор |
№1, 12.01.2015-ж. |
| 4. |
Ордобаев Замирбек Рахманалиевич |
Араван РЭС, электрик |
||
| 5. |
Төө-Моюн айылдык |
Мамрайымова Анаркан |
“Суйундук” дыйкан чарбасы, мүчө |
|
| 6. |
Керме-Тоо айылдык |
Насирова Анархан |
Бекенов атындагы орто мектеби, мугалим |
|
| 7. |
Мангыт айылдык |
Асанбаев Тайир |
ҮДТ, айдоочу |
|
| 8. |
Нурабад айылдык |
Борибаев Инамжон Хайдаралиевич |
Жеке ишкер |
|
| 9. |
Тепе-Коргон айылдык |
Жеентаев Жолдош Туланбаевич |
Эрке-Кашка орто мектеби, мугалим |
|
2015-жылдын 27-январында жарыяланды