Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 4-октябрындагы № 110 токтому менен бекитилген Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айылдык кеңешинин шайлоо округунун жана Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин шайлоо округунун схемаларын жана чек араларын жазууда техникалык катачылыктар кетип калгандыгына байланыштуу жана Өзгөн, Аксы аймактык шайлоо комиссияларынын кайрылууларынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4,
5-пункттарына, 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренсине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 4-октябрындагы № 110 токтому менен бекитилген тиркемеге төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айылдык кеңешинин шайлоо округдарын жазуу төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын
21 мандаттуу Төрт-Көл айылдык аймагы
Бостон шайлоо округу
Шайлоочулардын саны - 905, мандаттар - 3.
Борбору: О. Жусупбеков атындагы орто мектеп.
Чек аралары: Бостон айылы, Жийде Булак айылы.
Шоро-Башат округу
Шайлоочулардын саны - 1526, мандаттар - 5.
Борбору: маданият үйү
Чек аралары: Шоро-Башат айылы.
Төрт-Көл шайлоо округу.
Шайлоочулардын саны - 1140, мандаттар - 4.
Борбору: СШ им. Ж. Маматжанов атындагы орто мектеп
Чек аралары: Макаренко айылы
Ана-Кызыл шайлоо округу
Шайлоочулардын саны - 1336, мандаттар - 5.
Борбору: А. Өмүрзаков атындагы орто мектеп
Чек аралары: Ана-Кызыл, Кыймыл, Арык-Уулу айылдары
2) Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин шайлоо округдарын жазуу төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
11 мандаттуу Кызыл – Туу айылдык аймагы
Жылгын шайлоо округу.
Шайлоочулардын саны - 913, мандаттар - 3.
Борбору: Жылгын айылы.
Чек аралары: Жылгын, Сарымсакбулуң айылдары.
Кожо-Ата шайлоо округу.
Шайлоочулардын саны - 638, мандаттар - 2.
Борбору: Кожо-Ата айылы.
Чек аралары: Жолсай, Акжар айылдары.
2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2012-жылдын 24-октябры
№ 122