24.11.2020 №380 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Сүйүналиев Жаныбек Курманкановичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна өзүн өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүлгөн талапкер Ж.К. Сүйүналиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө 2020-жылдын 23-ноябрында кир. № 01-12/3454 түшкөн арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пунктарын, 18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ж.К. Сүйүналиевдин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Дюшембиев Эркинбек Калыевич катталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ж.К. Сүйүналиевдин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Укубаева Хамида Алпамышовна катталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ж.К. Сүйүналиевдин катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү каттоо ырастамалар берилсин.

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А. Ж. Эшимовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                            Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 24-ноябры

№ 380