№103 2018-жылдын 13-майында өткөрүлгөн Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө

2018-жылдын 13-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 29-мартындагы ПЖ №63 Жарлыгы менен дайындалган Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук  айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлдү.
Сокулук  айылдык кеңешинде мандаттардын саны 21ди түзөт. Сокулук айылдык кеңеши боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 4 шайлоо округ жана 5 шайлоо участок түзүлгөн. Сокулук  айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо 21 мандатка 122 талапкер катталган. Шайлоочулардын саны 8423тү түзүп, анын ичинен 2810 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 33,36 % түзөт.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 62-беренелерине ылайык  Сокулук аймактык шайлоо комиссиясы №7211, №7212, №7213, №7214, №7215 участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2018-жылдын 13-майындагы протоколдорунун негизинде шайлоону өттү деп  таанып,  Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук  айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжаларын аныктаган.
Добуш берүүнү жүргүзүү, добуштарды эсептөө жана шайлоонун жыйынтыгы, шайлоонун натыйжалары жөнүндөгү протоколдорду түзүү менен байланышкан даттануулар жана арыздар келип түшкөн жок.
 “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелеринин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 62-беренелеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук  айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын 16-майындагы протоколу бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтомдун көчүрмөсү Сокулук  аймактык шайлоо комиссиясына жана Сокулук  айылдык кеңешине жиберилсин.
3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төраганын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
 
ТӨРАГА                                          Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш, 2018-жылдын 21-майы,
№103