№61 2018-жылдын 13-майына дайындалган Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин, Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешинин, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңешинин, Ош облусунун Кара-Суу районунун

2018-жылдын 13-майына дайындалган Жалал-Абад облусунун  Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин, Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешинин, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңешинин, Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө

Шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү боюнча Жалал-Абад облусунун Сузак, Токтогул, Нарын облусунун Ат-Башы, Ош облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери аркылуу берилген сунуштарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4,  5-пункттарына, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 12-марттындагы ПЖ № 55 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин, Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешинин, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңешинин, Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун тиркемеси тийиштүү жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.А. Конурбаевге жүктөлсүн.
 
ТӨРАГА            Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2018-жылдын  24-марты
№ 61