25.04.2021 №126 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Нарын облусунун Кочкор районунун Ак-Кыя, Кош-Дөбө, Кочкор, Көк-Жар, Кум-Дөбө, Кара-Суу, Семиз-Бел, Соң-Көл, Сары-Булак, Талаа-Булак жана Чолпон айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары туур
2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Нарын облусунун Кочкор районунун Ак-Кыя, Кош-Дөбө, Кочкор, Көк-Жар, Кум-Дөбө, Кара-Суу, Семиз-Бел, Соң-Көл, Сары-Булак, Талаа-Булак жана Чолпон айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө
2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 Жарлыгы менен дайындалган Нарын облусунун Кочкор районунун Ак-Кыя, Кош-Дөбө, Кочкор, Көк-Жар, Кум-Дөбө, Кара-Суу, Семиз-Бел, Соң-Көл, Сары-Булак, Талаа-Булак жана Чолпон айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Нарын облусунун Кочкор районунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 1 арыз келип түшкөн. Келип түшкөн арыз каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынды.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын облусунун Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 17-апрелиндеги
- Ак-Кыя айылдык кеңешинин
- Кош-Дөбө айылдык кеңешинин
- Кочкор айылдык кеңешинин
- Көк-Жар айылдык кеңешинин
- Кум-Дөбө айылдык кеңешинин
- Кара-Суу айылдык кеңешинин
- Семиз-Бел айылдык кеңешинин
- Соң-Көл айылдык кеңешинин
- Сары-Булак айылдык кеңешинин
- Талаа-Булак айылдык кеңешинин
- Чолпон айылдык кеңешинин
депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кочкор аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.
4. Кочкор аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 25-апрели
№126