Бишкек шаарынын мамлекеттик бийлик уюмдарынын, муниципалдык башкармалыгынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун статусунун, структурасынын өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу, Бишкек шаарынын райондору обочолонгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун статусуна ээ болбогондугуна, Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын бир өңчөй колдонууну камсыз кылууга байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Бишкек шаарынын Ленин, Октябрь, Биринчимай, Свердлов аймактык шайлоо комиссиялары, аталган шайлоо комиссияларында “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын “Аймактык шайлоо комиссияларынын ыйгарымдары” 20-беренесинин 2, 6, 13, 16, 19-пункттарында, , “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону жөнгө салуучу 43-49-беренелеринде, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын “Шайлоо округдарын түзүү” 10-беренесинде көрсөтүлгөн бирдиктүү шайлоо округдарында шайлоолорду камсыз кылуу боюнча ишке ашпаган ыйгарымдар болгондугуна жана Бишкек шаарынын райондорунда обочолонгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун статусу жоктугуна байланыштуу жоюлсун.
- Ушул Токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн шайлоо комиссияларын түзгөн Бишкек шаарынын участкалык шайлоо комиссиялары жоюлсун.
- Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына ушул Токтомдун
1-2-пункттарында көрсөтүлүп жоюлган шайлоо комиссияларынан документтерди жана архивди кабыл алуу тапшырылсын. - Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына 20 күндүк мөөнөттүн ичинде жаңы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына берүү тапшырылсын.
- Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына жаңы участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарын 2012-жылдын 20-июнуна чейин түзүү тапшырылсын.
- Ушул Токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратына жоюлган комиссиялардын бардык мүчөлөрүнө жана комиссиялардын резервинде турган адамдарга ушул Токтомдун кабыл алынышы жөнүндө кабарландыруу тапшырылсын.
- Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына жоюлган участкалык комиссиялардын мүчөлөрүн түзүлүп жаткан шайлоо комиссияларынын курамдарына киргизүү маселесин кароо тапшырылсын.
- Бул Токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 25-апрель 2012-жыл
№ 63