20.11.2020 №367 Ноокат жана Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен чыгуу боюнча З. Абдуллаеванын арызынын,  Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Ж.Ж. Адинаевдин, Ш.Э. Абдулдаевдин, К.П. Ташмаматовдун арыздарынын, М.А. Эндешовду Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын сунушунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19, 22-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын  2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

                                                 ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ош облусунун Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-“Бир Бол” Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик саясий партиясы саясий партиясынан көрсөтүлгөн Эндешов Марипжан Абдыкасымович комиссиянын курамынан чыгарылсын;

-“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Абдуллаева Зулайка комиссиянын резервинен чыгарылсын;

-“Кыргызстан” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Шапиев Улукбек Мурзабекович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

2.Ош облусунун Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Адинаев Жамалидин Жетимишович, Абдулдаев Шарафидин Эсеналиевич, Ташмаматов Кубанычбек Парпиевич комиссиянын курамынан чыгарылсын;

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Абдибалиев Айбек Абдыкалыкович, Исираилов Бейшен Арпидинович, Шадыбек уулу Кудретилла резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

3.Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

    

ТӨРАГА                                                       Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                                          

Бишкек ш., 2020-жылдын 20-ноябры

№ 367