Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына түшкөн Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Ү.Жапаровдун документтерин карап чыгып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүн жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Ү.Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:
-финансылык маселелер боюнча – Абыкеев Уланбек Сартбаевич, 1971-жылы туулган, “Ала-Тоо импекс” ЖЧКнын башкы директору;
-шайлоо боюнча – Кыдыралиев Эмилбек, 1959-жылы туулган, “Ала-Тоо импекс” ЖЧКнын администратору.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Ү.Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүктөрү берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага Т. Абдраимов
Бишкек ш, 2011-жылдын 29-июлу
№ 64