29.04.2021 №165 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Чүй облусунун Чүй районунун Сайлык, Искра, Кош-Коргон, Онбир-Жылга, Шамшы, Ибраимов, Кегети, Бурана, Ак-Бешим жана Чүй айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Чүй аймактык шайлоо
2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Чүй облусунун Чүй районунун Сайлык, Искра, Кош-Коргон, Онбир-Жылга, Шамшы, Ибраимов, Кегети, Бурана, Ак-Бешим жана Чүй айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө
2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 Жарлыгы менен дайындалган Чүй облусунун Чүй районунун Чүй районунун Сайлык, Искра, Кош-Коргон, Онбир-Жылга, Шамшы, Ибраимов, Кегети, Бурана, Ак-Бешим жана Чүй айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Чүй облусунун Чүй районунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Чүй аймактык шайлоо комиссиясына 8 арыз жана даттануулар келип түшкөн. Бардык келип түшкөн арыздар жана даттануулар каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 23-апрелиндеги
- Сайлык айылдык кеңешинин
- Искра айылдык кеңешинин
- Кош-Коргон айылдык кеңешинин
- Онбир-Жылга айылдык кеңешинин
- Шамшы айылдык кеңешинин
- Ибраимов айылдык кеңешинин
- Кегети айылдык кеңешинин
- Бурана айылдык кеңешинин
- Ак-Бешим айылдык кеңешинин
- Чүй айылдык кеңешинин
депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Чүй аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.
4. Чүй аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 29-апрели
№ 165