11.06.2021 № 412 2021-жылы 7-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Жумгал районунун Жаңы-Арык жана Түгөл-Сай айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылы 7-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын   20-майындагы № 246 токтому менен дайындалган Нарын облусунун   Жумгал районунун Жаңы-Арык жана Түгөл-Сай айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 4 талапкер – Карымшаков Төлөбай Эсенканович, Тажиев Руслан Кенжебекович, Молдобазаров Руслан Камчыбекович, Кадыров Бердибек катталган. Талапкерлер Жаңы-Арык айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Жаңы-Арык айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаты катышып,  Т.Э. Карымшаков - 8 добуш, Р.К. Тажиев – 0 добуш, Р.К. Молдобазаров – 3 добуш, Б. Кадыров – 0 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.  

Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Карымшаков Төлөбай Эсенканович Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Букарбеков Рыскелди Докторбекович Жумгал райондук мамлекеттик администрациянын башчысынан, Сабырбек уулу Калысбек Түгөл-Сай айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Түгөл-Сай айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаты катышып, Р.Д. Букарбеков - 4 добуш, Сабырбек уулу К – 7 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Сабырбек уулу Калысбек Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Нарын облусунун Жумгал районунун Жаңы-Арык жана Түгөл-Сай айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 7-июнундагы Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын Жаңы-Арык жана Түгөл-Сай айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө»   Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2021-жылы 7-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Жумгал районунун Жаңы-Арык жана Түгөл-Сай айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын    7-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Нарын облусунун Жумгал районунун Жаңы-Арык жана Түгөл-Сай айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Карымшаков Төлөбай Эсенканович Нарын облусунун Жумгал районунун Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.3. Сабырбек уулу Калысбек Нарын облусунун Жумгал районунун Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Жаңы-Арык жана Түгөл-Сай айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                               Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 11-июну

№ 412