А.Шейкенов, С.Т.Имарова, А.Ж.Эсеналиев, М.А.Жалилов, А.М.Ганиев, А.А.Мамытовалардын арыздарынын, Ш.С.Шайкановду, Н.К.Сыдыбековду, К.К.Асанбаевди, Т.А.Бегалиевди, А.Г.Сейдалиевди, Г.Э.Ажимуратованы, Б.Д.Джайчибаеваны Ак-Суу жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарынан жана резервдеринен чыгаруу жөнүндөгү сунуштарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19, 22-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуунун тартиби жөнүндөгү» жобосун жетекчиликке алуу менен, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– комиссиянын курамынан чыгарылсын: Шыйканов Шабдан Суранчиевич (комиссиянын төрагасы) – «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынан; Сыдыбеков Нурлан Кочкорбаевич – «Кыргызстан Демократиялык кыймылы партиясы» саясий партиясынан; Асанбаев Курманкул Камчыбекович, Шейкенов Арстанбек Токтобекович – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан;
– комиссиянын курамына резервден киргизилсин: Султанов Тынчтык Джаанбаевич – «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынан; Асанбаев Эркинбек Турускелдиевич – «Туран» демократиялык партиясы» саясий партиясынан; Темирбеков Нурдин Темирбекович, Абдыкасымов Алтынбек Асанкадырович – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан.
2. Баткен облусунун Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– комиссиянын курамынан чыгарылсын: Имарова Сурмахан Тешебаевна – «Ата-Журт» патриоттук партиясы» саясий партиясынан; Эсеналиев Аманбай Жарматбекович – «Республика» саясий партиясынан; Жалилов Мыктыбек Аманович, Ганиев Абдували Маматович, Мамытова Алтынай Абдурасуловна – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан;
– комиссиянын курамына резервден киргизилсин: Маматалиев Алибек Мажитович – «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынан; Мадимаров Калыбай Насиридинович – «Замандаш-Современник» саясий партиясынан; Исаева Наватхан Альхамовна, Саматов Шайырбек Абдилатович, Таирова Нуризат Нематовна – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан;
– комиссиянын резервинен чыгарылсын: Бегалиев Таалай Абдирашитович – «Кыргызстан үй куруучулар партиясы» республикалык коомдук-саясий партиясынан; Сейдалиев Азизбек Гуламович – «Улуу Биримдик» улуттук-демократиялык партиясы» саясий партиясынан; Ажимуратова Гульмира Эргешовна – «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынан; Джайчибаева Бактыгүл Джундубаевна – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн.
ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ А.ШАЙЫМКУЛОВА
Бишкек ш., 26-сентябры 2015-жыл
№ 155
2015-жылдын 26-сентябрында жарыяланды