№115 Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү

Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жана Кыргыз Республикасынын саясий партияларынын жана талапкерлердин шайлоо фондунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” 2018-жылдын 4-июнундагы № 133 Жарлыгынын негизинде, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесин,15-беренесинин 9- пунктун, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2,11,12–пункттарын, 25-беренесиндеги 2, 3, 6, 7-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
1. 2018-жылдын 5-августуна дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы 1 410 600 ( бир миллион төрт жүз он миң алты жүз) сом суммасында бекитилсин (тиркелет).
2. “РСК Банк” ААКсы жана “Айыл Банк”ААКсы 2018- жылдын 5 - августуна дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарын шайлоого катышкан саясий партиялардын, талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелери болуп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын пландоо, эсепке алуу жана отчеттуулук бөлүмү каржылоону бекитилген сметага ылайык жүргүзсүн.
4. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын  төрагасы Н.Шайлдабековага жүктөлсүн.
 
ТӨРАГА                      Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек шаары, 2018-жылдын  4- июну
№ 115