25.05.2021 №295 Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө

Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө

 

2021-жылдын 20-майында Ош облусунун Кара-Суу районунун жаңы шайланган Нариман айылдык кеңешинин биринчи сессиясы болуп өттү.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын      2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2021-жылдын 10-июнуна дайындалсын жана саат 9-00дөн    12-00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу аткаруучу органынын башчысын шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен өткөрүүнү уюштурсун.

3.  Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М. А. Коңурбаевга жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                             Н. ШАЙЛДАБЕКОВА       

Бишкек ш., 2021-жылдын 25-майы

№ 295