№81 Чүй облусунун Сокулук районунун Күн-Туу, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Даркан айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 3-апрелиндеги № 207 буйругу менен Күн-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Корголдоев Таалайбек Ишенбекович Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими болуп дайындалды.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 6-апрелиндеги № 23 буйругу менен Даркан айыл өкмөтүнүн башчысы Бейшенов Мирлан Бейшенович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чүй облусунун Сокулук районунун Күн-Туу, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Даркан айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2018-жылдын 4-майына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2.Сокулук, Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.
3.Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2018-жылдын 16-апрели
№ 81
Бишкек ш., 2018-жылдын 16-апрели
№ 81