“Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 18-беренесинин 6- жана 8-пунктчаларын жетекчиликке алып, 2010-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочулар катары аккредитациялоо жөнүндө берилген арыздарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Эл аралык байкоочулар катары төмөнкүлөрдөн аккредитациялансын:
- Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу- Мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын кеңешинен (№1 тиркеме- 7 адам);
- ЕККУ/ДИАУБ Миссиясынан төмөнкү жарандар (№2тиркеме - 21 адам).
2. Эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтом ЖМКларда жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө КР БШК мүчөсү А.Ж.Баялиновго жүктөлсүн.
ТӨРАГА А.САРИЕВ
Бишкек ш., 2010- жылдын 9 -сентябры
№227