№165 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

2018-жылдын 22-августуна дайындалган Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна бир дагы   талапкер катталбагандыгына байланыштуу шайлоо өткөн жок.  
Талас облусунун Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2018-жылдын 13-августундагы № Б-14/VI буйругу менен Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Кермалиев Идирис Дуйшенкулович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
 “Кыргыз Республикасынын  шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек  айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо 2018-жылдын 29-августуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боо-Терек  айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2018-жылдын 5-сентябрына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
3. Жумгал, Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиялар шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.
4.  Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5.   Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Эшимовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                    Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2018-жылдын  17 - августу
№ 165