09.06.2021 № 379 2021-жылы 4 жана 5-июнунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат, Сосновка, Сары-Коо жана Степ айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылы 4 жана 5-июнунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат, Сосновка, Сары-Коо жана Степ айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2021-жылы 4 жана 5-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-майындагы № 233 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат, Сосновка, Сары-Коо жана Степ айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Абельдиев Кубат Исакович, Алыбаев Эрнисбек Мадылбекович жана Карымбаев Уланбек Темирбекович катталган. Талапкерлер К.И. Абельдиев, Э.М. Алыбаев жана У.Т. Карымбаев Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталышкан.

Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 4-июнундагы протоколу менен Ак-Башат айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, К.И. Абельдиевге– 4 добуш, Э.М. Алыбаевге – 0 добуш, У.Т. Карымбаевге – 12 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 5 добуш берилгендиги белгиленген.

Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 4-июнундагы протоколу менен Карымбаев Уланбек Темирбекович Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Сосновка айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Сырдыбаев Урмат Кулматович катталган. Талапкер У.К. Сырдыбаев Сосновка айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.

Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 4-июнундагы протоколу менен Сосновка айылдык кеңешиндеги 11 депутаты катышып, У.К. Сырдыбаев– 11 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 4-июнундагы протоколу менен Сырдыбаев Урмат Кулматович Сосновка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Сары-Коо айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Баков Айбек Калыгулович жана Кунтубаев Рахат Эсенбекович катталган. Талапкерлер А.К. Баков жана Р.Э. Кунтубаев Сары-Коо айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталышкан.

Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 5-июнундагы протоколу менен Сосновка айылдык кеңешиндеги 11 депутаты катышып, А.К.Баковго – 3 добуш, Р.Э. Кунтубаевге – 8 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 5-июнундагы протоколу менен Кунтубаев Рахат Эсенбекович Сары-Коо айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Степ айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Насыркулов Аскат Адылбекович катталган. Талапкер А.А. Насыркулов Степ айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.

Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 5-июнундагы протоколу менен Степ айылдык кеңешиндеги 11 депутаты катышып, А.А. Насыркулов– 11 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 5-июнундагы протоколу менен Насыркулов Аскат Адылбекович Степ айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат, Сосновка, Сары-Коо жана Степ айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 4 жана 5-июнундагы Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын Ак-Башат, Сосновка, Сары-Коо жана Степ айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде,  «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  29-беренесине ылайык,  

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча  борбордук  комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  2021-жылы 4 жана 5-июнунда өткөрүлгөн Чүй облусунун  Жайыл районунун Ак-Башат, Сосновка, Сары-Коо жана Степ айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 4 жана 5-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Чуй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат, Сосновка, Сары-Коо жана Степ айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Карымбаев Уланбек Темиробекович Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.3. Сырдыбаев Урмат Кулматович Чүй облусунун Жайыл районунун Сосновка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.4. Кунтубаев Рахат Эсенбекович Чүй облусунун Жайыл районунун Сары-Коо айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.5. Насыркулов Аскат Адылбекович Чүй облусунун Жайыл районунун Степ айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2.  Жайыл аймактык шайлоо комиссиясы Ак-Башат, Сосновка, Сары-Коо жана Степ айыл өкмөттөрүнүн шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

3.  Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

2.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Эшимовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                          Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                 

Бишкек ш., 2021-жылдын 9-июну

№ 379