Чүй облусунун Москва районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин 2017-жылдын 26-январындагы № 10 буйругу менен Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.И. Сушанло, берген арызына ылайык, ээлеген кызматынан бошотулган.
Ош облусунун Өзгөн районунун Кароол айылдык кеңешинин жаңы шайланган жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясы 2017-жылдын 27-январында өткөрүлгөн.
Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын мэрин, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын мэрин, Чүй облусунун Москва районунун Беловодск айыл өкмөтүнүн, Ысык-Ата районунун Интернационал айыл өкмөтүнүн, Чүй районунун Кегети айыл өкмөтүнүн жана Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоодо талапкерлер депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албагандыгына байланыштуу, шайлоо өткөн жок.
Чүй облусунун Кемин районунун Кемин шаарынын мэрин, Ысык-Ата районунун Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн, Чүй районунун Бурана айыл өкмөтүнүн, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Ой айыл өкмөтүнүн, Ат-Башы районунун Кара-Коюн айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо, депутаттардын кворуму жоктугуна байланыштуу, өткөн жок.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө” жана “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жоболоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Чүй облусунун Москва районунун Александровка жана Ош облусунун Өзгөн районунун Кароол айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2017-жылдын 20-февралына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын кайра шайлоо тиркемеге ылайык дайындалсын.
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын кайра шайлоону өткөрүү графиги тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялар шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.
- Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2017-жылдын 2-февралы
№ 29