25.05.2021 №303 Баткен облусунун Лейлек районунун Маргун жана Бешкент айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

Баткен облусунун Лейлек районунун Маргун жана Бешкент айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

 

2021-жылдын 17 жана 18-майында Баткен облусунун Лейлек районунун Маргун жана Бешкент айылдык кеңештеринин биринчи сессиялары болуп өттү.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен облусунун Лейлек районунун Маргун айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2021-жылдын 11-июнуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2021-жылдын 11-июнуна дайындалсын жана саат 15-00дөн 18-00гө чейин өткөрүлсүн.

3. Лейлек аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана   Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы №244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен өткөрүүнү уюштурсун.

4. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси М. Конурбаевге жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                 Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 25-майы

№ 303