“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына караштуу Контролдук-текшерүү тобу жөнүндө” Жобо бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
3. Буд токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына караштуу Контролдук-текшерүү тобунун жетекчиси А.Т.Асаналиевге жүктөлсүн.
Төрага Т.Абдраимов
Бишкек ш., 2012 – жылдын 31-январы
№19
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана
референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына караштуу Контролдук-текшерүү тобу жөнүндө
Ж О Б О
1. Жалпы жоболор
2. Контролдук –текшерүү тобун түзүү тартиби
3. Контролдук-текшерүү тобунун милдеттери
4. Контролдук-текшерүү тобунун функциялары
5. Контролдук-текшерүү тобунун укуктары
6. Контролдук-текшерүү тобунун жетекчисинин укуктары жана милдеттери
- 1. Жалпы жоболор
Шайлоолорду даярдоого жана өткөрүүгө шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын максатуу пайдаланышын, ошондой эле шайлоо фонддорунун акча каражаттарынын түшүү булактарын, эсебин туура алуу жана пайдаланышын көзөмөлдөө, талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулар тобунун финансылык отчетторун текшерүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына караштуу Контролдук-текшерүү тобу түзүлөт.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына караштуу курамы 7 адамдан турган Контролдук-текшерүү тобу (мындан ары – БШКга караштуу КТТ) Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан түзүлөт.
Контролдук-текшерүү тобун уюштурунун жана ишинин тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.
Контролдук-текшерүү тобу өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамын, ушул Жобону жетекчиликке алат.
Борбордук шайлоо комиссиясына караштуу Контролдук-текшерүү тобунун ишин уюштуруу, материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу иштери Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт.
2. Контролдук-текшерүү тобун түзүүнүн тартиби
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, Контролдук-текшерүү тобунун курамына төмөндөгүлөр кирет: конролдук-текшерүү тобунун жетекчиси, анын орун басары, контролдук-текшерүү тобуна дайындалган шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, укук коргоо, финансы жана башка мамлекеттик органдардан, уюмдардан жана мекемелерден тартылган адистер кирет. Жогоруда көрсөтүлгөн органдар, уюмдар жана мекемелер шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан тарта 15 күндөн кечиктирбестен адистерди Борбордук шайлоо комиссиясынын карамагына жиберүүгө милдеттүү.
Контролдук-текшерүү тобунун жетекчисин дайындоо жана бошотуу Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын сунушу боюнча анын курамынан жүргүзүлөт. Контролдук-текшерүү тобунун башка мүчөлөрү анын курамына Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын буйругу аркылуу Контролдук-текшерүү тобунун жетекчиси менен макулдашуу боюнча жана Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын жазуу жүзүндөгү сунушунун негизинде киргизилет.
Ишке тартылган адистер Контролдук-текшерүү тобунда иштеп жаткан учурда негизги ишинен бошотулуп, алардын жумуш орду (кызматы), белгиленген кызматтык эмгек акысы жана негизги жумуш орду боюнча башка төлөмдөр сакталат. Жогоруда көрсөтүлгөн ишке тартылган адистерге шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн бөлүнгөн каражаттын эсебинен сыйакы төлөнүп берилиши мүмкүн. Контролдук-текшерүү тобунун мүчөлөрү иш сапарга Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын буйругу боюнча иш сапар чыгымдарын Борбордук шайлоо комиссиясынын каражаттарынын эсебинен белгиленген тартипте төлөө менен жөнөтүлөт. Контролдук-текшерүү тобунун жетекчиси жок учурда милдетин анын орун басары аткарат.
3. Контролдук-текшерүү тобунун милдеттери
Контролдук-текшерүү тобунун негизги милдети көзөмөл жүргүзүү болуп саналат:
- талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулар тобунун шайлоо фондоруна акча каражаттарынын келип түшүү булактарына, ошондой эле акча каражаттарынын талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулар тобу тарабынан эсебин туура алуусуна жана чыгымдалышына;
- шайлоолорду финансылык камсыздоого төмөн турган шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын максатуу чыгымдалуусуна жана колдонуусуна.
4. Контролдук-текшерүү тобунун функциялары
Контролдук-текшерүү тобу өзүнүн негизги милдеттерин аткаруу максатында төмөндөгүлөрдү камсыз кылат:
- шайлоолорду каржылоону жөнгө сала турган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Борбордук шайлоо комиссиясынын ченемдик актыларынын шайлоо комиссиялары, талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулар тобу тарабынан сакталышын текшерүү;
- талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулар тобунун шайлоо фондусундагы акча каражаттарынын түшүү булактары жана чыгымдалышы тууралуу банктык мекемелерден келип түшкөн маалыматтарды жыйноо жана талдоо;
- талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулар тобунун финансы отчетторун текшерүү, алардын баштапкы финансы документтерине ылайык келишин аныктоо;
- шайлоо аяктагандан кийин талапкелер, саясий партиялар, шайлоочулар тобуна тарабынан шайлоо фонддорундагы чыгымдалбай калган акча каражаттарынын кайтарылып берилишин көзөмөлдөө;
- шайлоону даярдоо жана өткөрүүгө шайлоо комиссияларына бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышын текшерүү;
- шайлоону өткөрүүгө республикалык бюджеттин каражаттарын чыгымдалышы жөнүндө шайлоо комиссияларынын финансы отчетторун, алардын баштапкы документтерге ылайык келишин текшерүү;
- талапкерлердин шайлоо күрөөсүнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын депозиттик эсебине туура келип түшүүсүн жана алардын туура кайтарылып берилишин текшерүү;
- шайлоо өнөктүктөрүн каржылоого тийиштүү маселелер боюнча менчигинин түрүнө карабастан ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда, банктарда жана башка кредит-каржы мекемелеринде текшерүүлөрдү жүргүзүү;
- шайлоону каржылоо маселелери боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын актыларын иштеп чыгууга катышуу;
- бюджеттик каражаттардын, ошондой эле талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулар тобунун шайлоо фонддорунун каражаттарынын чыгымдалышын текшерүү жыйынтыгы боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомдорунун жана башка чечимдеринин долбоорлорун даярдоо;
- шайлоону каржылоого тийиштүү маселелер боюнча жеке жана юридикалык жактардын арыздары менен даттанууларын кароо;
- 5. Контролдук-текшерүү тобунун укуктары
Контролдук-текшерүү тобу Борбордук шайлоо комиссиясынын жазуу түрүндөгү тапшырмасы боюнча:
1) талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулар тобунун төмөн турган шайлоо комиссиялардын каржы отчетторун текшерет;
2) талапкерлерден, саясий партиялардан, шайлоочулар тобунан шайлоо комиссиялардан өзүнүн компетенциясына кирген баардык каржы маселелери боюнча маалыматтарды сурап алат;
3) шайлоо алдындагы үгүт иштерин, талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулар тобунун шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө түздөн түз байланышы бар дагы башка иш-чараларды каржылоонун белгиленген тартибинин сакталышын көзөмөлдөйт;
4) мамлекеттик органдарга, менчигинин түрүнө карабастан уюмдарга, ошондой эле жарандарга көзөмөл текшерүү тобуна тийиштүү маселелер боюнча кайрылат, шайлоону каржылык жактан камсыздоого байланыштуу маалыматтар менен материалдарды сурап алат. Контролдук-текшерүү тобунун кайрылуусуна жооптор жана суралган материалдар үч күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүүгө беш жана андан аз күн калганда жана добуш берүү күнү дароо жооп берилет;
5) шайлоону каржылоодо каржы тартибинин бузулушу жөнүндө документтерди түзөт;
6) талапкелердин, саясий партиялардын, шайлоочулар тобунун шайлоо өнөктүктөрүн каржылоодо кетирилген тартип бузууларды жасаган талапкерлерди, саясий партияларды, шайлоочулар тобун, ошондой эле жарандар менен юридикалык жактарга жоопкерчилик чараларын көрүү жөнүндө тиешелүү шайлоо комиссияларына маселе коёт;
7) текшерүү жүргүзүүгө, корутундуларды жана эксперттик баалоолорду даярдоого эксперттерди тартат.
Борбордук шайлоо комиссиясынын графигине, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын буйругуна ылайык, Контролдук-текшерүү тобу талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулар тобунун шайлоо алдындагы үгүт иштеринин жүрүшүндөгү талапкерлердин каржылык операцияларына ревизияларды жана максатуу текшерүүлөрдү жүргүзөт. Ревизиялардын жана максаттуу текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча акт же маалымдама түзүлүп комиссиянын жыйналышында бекитүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасына тапшырылат. Түзүлгөн актынын же маалымдаманын аныктыгына ага колтамгасын койгон адам жеке жоопкерчилик тартат.
6. Контролдук-текшерүү тобунун жетекчисинин укуктары жана милдеттери
Контролдук-текшерүү тобунун жетекчиси:
- контролдук-текшерүү тобунун ишин уюштурат;
- контролдук-текшерүү тобунуна тийиштүү маселелер боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын иш планына сунуштарды киргизет;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында, саясий партияларда, коомдук кыймылдарда, коммерциялык жана башка ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда Борбордук шайлоо комиссиясына караштуу Контролдук-текшерүү тобунун кызыкчылыгын коргойт;
- Борбордук шайлоо комиссиясына Контролдук-текшерүү тобунун ишмердүүлүгү жөнүндө отчет берет;
- контролдук-текшерүү тобунун курамына кирген адамдардын, Контролдук-текшерүү тобунун ишине тартылган адамдардын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт, аларга тапшырмаларды берет жана анын аткарылышын текшерет;
- Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы менен контролдук-текшерүү тобунун туруктуу байланышын камсыз кылат, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан чечимдерди талап кылган маселелер боюнча сунуштарды киргизет.