13.06.2021 № 423 2021-жылы 8-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Мадыайыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжаларытууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылы 8-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын19-майындагы № 226токтому менен дайындалган Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Мадыайыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 5 талапкер –Абдивалиев Союзбек Суранович, Абдраимова Элнура Тайировна,Балтабаев Айбек Зундуевич,Боронов Сабыр Топчуевич,Олжобаев Уланбек Муркамиловичкатталган. ТалапкерлерМады айылдык кеңештин депутаттарынансунушталган.

Шайлоо эки турда өттү. Кара-Сууаймактыкшайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнундагыпротоколу мененМадыайылдык кеңешиндеги 31 депутатынан 30 депутатыкатышып,биринчи турунда, С.С. Абдивалиев - 15 добуш, Э.Т. Абдраимова– 0 добуш, А.З. Балтабаев– 0 добуш, С.Т. Боронов– 0 добуш, У.М. Олжобаев– 15 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш, экинчи турунда, Мады айылдык кеңешиндеги 31 депутаты катышып, С.С. Абдивалиев - 11 добуш, У.М. Олжобаев– 20 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш.

Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнундагыпротоколу мененОлжобаев Уланбек МуркамиловичМады айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 8-июнундагыКара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын Мады айыл өкмөтүнүн башчысыншайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасыныншайлоо жанареферендум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынчабашкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын49-беренесинеылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2021-жылы 8-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонуннатыйжалары тууралуу Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 8-июнундагыпротоколдорубекитилсин.

1.1. Ош облусунун Кара-Суу районунун Мадыайыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Олжобаев Уланбек МуркамиловичОш облусунун Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы шайланганМадыайыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                     Н.ШАЙЛДАБЕКОВА                        

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 13-июну

№ 423